11:27
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Куш тумоосу: Казакстан Орусиядан тоок этин алып кирүүгө тыюу салды

Куш тумоосунан улам Казакстан Орусиянын 36 тоок фабрикасынын азыктарын өлкөгө алып кирүүгө тыюу салды. Мындай маалымат Казакстандын Айыл-чарба министрлигинин сайтына жарыяланды.

Эл аралык эпизоотикалык бюро Орусиянын Курск, Пенза жана Самара облустарынын аймагында куш тумоосу бар экенин каттаган. Маалыматка караганда, Орусиянын аталган аймактарында эпизоотикалык абал кыйла начарлаган.

«Буга байланыштуу азык-түлүк коопсуздугу тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында Айыл-чарба министрлиги 21-июндан тарта Казакстандын аймагына тирүү канаттууларды, алардын жумурткаларын, этин алып кирүүгө тыюу салды», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Ошондой эле Казакстанга Орусиянын аталган аймактарынан канаттуулардын атайын тазалоодон өтпөгөн жемин, аңчылардын таксидермикалык текшерүүдөн өтпөгөн олжолорун, ошондой эле тоокторду багуу жана союу үчүн пайдаланылган жабдууларды алып кирүүгө тыюу салынды.

Куш тумоосун жуктурган канаттуулар тез арада жок кылынышы керек. Бул оорунун вирусу канаттуулардын өздөрүнөн тышкары адамдарга дагы жугат.

Эң көп окулган жаңылыктар