04:45
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Соттолгон жарандарды ташыган унаа жол кырсыгына кабылып, 2 киши жаракат алышкан

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда соттолгон жарандарды ташыган унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдрасулова билдирди.

Кырсык соттолгондорду Оштон Бишкекке ташып алып келе жатканда болгон. Бир унаага 41 кишини отургузушкан. Унаа оодарылып кетип, кесепетинен бир кишинин көзү көрбөй калган. Соттолгондор медициналык жардам алган жокпуз деп нааразы болушууда

Азиза Абдрасулова

ЖАМКтын төрагасынын орун басары Жоробек Дүйшембиевдин айтымында, аталган жол кырсыгында бир соттолуучу менен 1 аскер адамы жабыркаган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

«Жол кырсыгында 2 киши олуттуу жаракат алышкан. Алар убагында Кара-Балтадагы ооруканага жаткырылышкан. Жабыркаган соттолуучу кийинчерээк № 47 абакка алынып келинди. Учурда алардын абалы туруктуу», — деди Жоробек Дүйшембиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума