19:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Нурсултан Назарбаевдин небере кызы Венера турмушка чыкты

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин небере кызы Венера турмушка чыкты. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, Венера 22 жаштагы юридикалык факультеттин бүтүрүүчүсү Дален Чайжунусов аттуу жигитке баш кошту.

Эске салсак, президенттин кызы Дарига Назарбаеванын жалгыз кызы Венера искусство жана коомдук байланыш адистигин окуган.

Үйлөнүү үлпөт той Алматыдагы мейманканалардын биринде өттү. Анда жаштары куттуктап жергиликтүү ырчылар чогулушкан. Орусиялык ырчы Филипп Киркоров дагы чакырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар