13:53
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Айсулуу Тыныбекова China Open Эл аралык турниринде 3-орунду ээледи

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Кытайдын Тайюань шаарында өткөн аялдар күрөшү боюнча China Open Эл аралык турниринде үчүнчү орунду ээледи.

Маалым болгондой, кыргыз спортчусу 59 килограмм салмак категориясында Кытайдын спортчусу Юан Вангды 11:0 эсебинде утуп, коло медалдын ээси аталды.

Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн турнирлердин биринде ийинин оорутуп алып, эки жылга жакын спорттук иш чараларга катышпай жүргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар