14:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Александровка айылынын тургундары көмүрдүн сапатына нааразы болушууда

Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Александровка айылынын тургундары көмүрдүн сапатына нааразы болушууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине жергиликтүү жашоочулар билдиришти.

Алардын айтымына караганда, айыл өкмөтү мектеп жана бала бакчалар үчүн 836 тонна көмүрдү тендер боюнча сатып алышкан. Бирок, кара алтындын сапаты начар болуп чыкты.

«Бул көмүр эмес эле чаң. Мындай көмүрдү кантип жагабыз? Биз тендерди кайра башынан өткөрүүнү талап кылабыз», — дешти тургундар.

Алар билдиргендей, жергиликтүү администрациядан бул тууралуу жооп алыша элек.

Аталган айыл өкмөтү «24.kg» агенттигине көмүрдү мыйзамдын негизинде өткөрүлгөн тендер аркылуу сатып алышканын айтышты.

Эң көп окулган жаңылыктар