12:21
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанда эмдөөдөн баш тарткандар көбөйдү

Кыргызстанда эмдөөдөн баш тарткандар көбөйүп баратат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Иммуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Андан алынган маалыматка ылайык, 2017-жылы жети миңдей киши эмдөөдөн баш тарткан. Анын ичинен 68% өз чечимин диний көз караштар менен негиздеген. Ал эми баш тарткандардын 15% вакциналардын сапатынан күмөн санагандар. Калгандары маалымат жоктугунан вакцина албайт. Вакциналардын сапатынан күмөн санагандар көбүнчө Бишкекте жана Чүй облусунда жашайт.

«Азыр бизде эмдөө Өзбекстандагыдай милдеттүү түрдө киргизилген эмес. Өзбекстанда эмдөөдөн баш тарткандар жазаланат. Мындай көрүнүш улана берсе «эпидемиологиялык жактан таза эмессиңер» деп бизге же туристтер таптакыр кирбей коет же кирген туристтерден ар кандай оорулар жугушу мүмкүн. Азыр Европада кызамык күчөп жатат. Орусиядан мигранттарыбыз аркылуу ал бизге да келип жатпайбы», — деп билдирди Гүлбара Ишенапысова.

2016-жылы эмдөөдөн баш тарткандардын жалпы саны беш миңдей кишини түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар