Жогорку Кеңештин депутаттары адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгынын урматына жана 1938-жылы болгон саясий репрессиянын курмандыктарынын элесине карата мунапыс берүүнү демилгелешүүдө.
Жазаларды аткаруу кызматынын маалыматына караганда, түзөтүү колонияларында 11 миң 160 киши отурат. Алардын ичинен 9 миң 285и соттолгондор, 1 миң 875 киши тергөөгө алынгандар.
Сунушталып жаткан мунапыска 4 миң 172 киши илинип, алардын 285и эркиндикке чыгышы мүмкүн.
Маалыматка ылайык, өспүрүмдөргө, биринчи жолу соттолуп 5 жылга чейин эркинен ажыратылгандарга, 60 жаштан жогорку эркектерге, жашы 55тен жогору аялдарга, 1-2-топтогу майыптарга, үй-бүлөсүн жалгыз баккандарга, экиден кем эмес жашы жете элек балдары же майып балдары барларга мунапыс берүү сунушталууда.