15:38
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ошто эне-бала киши өлтүрүүгө шектелип кармалышты

Ош облусунда аялы күйөөсүн өлтүрүп, короого көмүп койгон. Кылмышка анын 16 жаштагы баласы дагы жардам берген. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга аталган окуянын негизинде арызданып маркумдун тууганы кайрылган.

Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз. Алдын ала алынган маалыматка таянсак,  каза болгон тургун ушул жылдын 7-июнунда өлтүрүлгөн.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. 

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби