21-июндан 22-июнга караган түнү өлкө аймагында нөшөрлөп жаан жаап, тоолуу райондордо кардын жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
22-25-июнда тоолуу аймактарда кыска мөөнөттүү жаан жаашы күтүлөт.