05:48
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Таштандыга толгон чуңкур. Александровка айылынын тургундары нааразы болушууда

Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Александровка айылынын тургундары айыл өкмөт башчысы Баги Ибрагимге нааразы болушууда. Бул тууралуу айылдыктар «24.kg» агенттигине билдиришти.

Маалыматка караганда, Баги Ибрагим айылдын так ортосундагы жерден мыйзамсыз шагыл каздырткан.

«Эми аянты 1 гектар тереңдиги 17 метрге жеткен чуңкурга айылдыктар акыр-чикир ташташууда. Эски полигон жабык. Экология бузулду. Биз кайда барып кимге арызданарыбызды билбейбиз», — дешет жашоочулар. 

Жергиликтүү администрация казылган чуңкурда эч кандай мыйзам бузуу жок деп эсептейт. Алардын пикиринде, бул шагыл алуунун кадимки мыйзамдуу жолу.

«Айылдыктар өзүлөрү чуңкурга таштандыларды салышууда», -дешти айыл өкмөтүнөн.

Эң көп окулган жаңылыктар