11:32
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өзбекстанда кармалган АКШ жараны террористтик ишмердүүлүккө шектелүүдө

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы АКШнын жараны Закир Алиевдин кармалышынын себептери тууралуу билдирүү таратты.

Ага ылайык, Закир Алиев бир катар өлкөлөрдө террордук уюм деп табылган «Өзбекстан ислам кыймылынын» иш-аракеттерине катышканы үчүн издөөдө жүргөн.

«Закир Алиевди кармаганда ал өзүнүн мыйзамсыз иштерин мойнуна алган көрсөтмө берди. Атап айтканда, 2000-жылы «Өзбекстан ислам кыймылына» кирип ант берген, Ооганстанда машыгуудан өткөн, ошондой эле Ооганстандын укук коргоо органдарына жана коалициялык күчтөрдүн аскерлерине каршы уруштарга катышкан. 2005-жылы «Өзбекстан ислам кыймылынын» башка мүчөлөрүнүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде ага диний-экстремисттик жана террористтик иш-аракеттерди жасаганы үчүн мамлекеттик коопсуздук кызматынын тергөө бөлүмү тарабынан № 646 кылмыш иши козголгон», — деп жазылган коопсуздук кызматтын билдирүүсүндө.

Учурда Закир Алиевге карата тиешелүү бөгөт чарасын белгилөө маселеси чечилүүдө.

46 жаштагы Алиев 16-июнда туугандары менен көрүшүү үчүн Өзбекстанга учуп келген маалда Кашкадарья облусунун Чиракчин районунда атайын кызмат өкүлдөрү тарабынан кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума