07:18
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Москвада Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулат

Москвада жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш менен Орусиянын Федералдык жыйыны ортосундагы байланыш боюнча парламенттер аралык комиссиясынын кезектеги отурумунда маалым болду.

Федералдык жыйындын депутаты Виктор Заварзиндин айтымында, эстелик жакынкы аралыкта тургузулат. Бирок, азырынча кайсыл жерге тургузулаары белгисиз. Парламенттер аралык комиссиянын пикиринде, эстеликтин ачылыш аземи жазуучунун 90 жылдыгына карата өтөт.

«Мен Чыңгыз Айтматовду жакындан таанычумун. Аны менен Брюсселде чогуу иштешкем. Анын орус тили тууралуу эмне деп айтканын интернеттен таап окуп көргүлөчү, мен жазуучунун айткандарын мурда угуп көргөн эмесмин», — деди Виктор Заварзин.

Эң көп окулган жаңылыктар