18:41
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Билесизби? Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын 1980-жылдары америкалыктар изилдешкен

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары америкалык тараптан изилдөөгө алынган.

Америкалык окмуштуу Жозеф Мазур 1980-жылдары изилдеп, атайын монография чыгарган.

«Жазуучунун «Жаныбарым Гүлсары» чыгармасы жарыяланганга чейин Америкада Айтматовду советтик бир жазуучу катарында этибарга алышкан эмес. Бул чыгармасынан кийин изилдеп башташкан. Анткени тотолитардык режимдин күчөп тургандыгы, партия жетекчилеринин аша чапкан жоруктары жана башка жөнүндө ачык жазган сын чыгарма десек болот. Цензуранын күчөп турган учурунда мындай чыгарманын жарыяланышы таң калууну жараткан», — дейт окмуштуу Лайли Үкүбаева.

Жозеф Мазур Айтматовдун чынчылдыгына жана цензураны буйтап өтүү чеберчилигине жогору баа берген. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума