08:45
USD 80.63
EUR 95.45
RUB 1.05

Будапеште Чыңгыз Айтматовдун сейил багы ачылат

Венгриянын борбору Будапешт шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сейил багы ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Венгрияга болгон иш сапарында Бишкек менен Будапешт шаарынын ортосундагы кызматташтык талкууланды.

Шаар мэри Янош Ховари каалада Чыңгыз Айтматовдун сейил багын ачуу пландалып жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтмовдун айкели дүйнөнүн бир нече шаарларында орнотулуп, Казакстанда ысмы көчөгө берилип, Түркияда жазуунун атында парк ачылган.

Эң көп окулган жаңылыктар