18:29
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Москвадагы жол кырсыгы. Таксисттин үйүн тинтүүдө экстремисттик буюм табылган жок

КР ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москвада жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен айдоочу жана анын жакындары менен оперативдүү байланышта болуп турат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 16-майда Кыргызстандын жараны жүргүнчүлөрдү унаасы менен сүзүп алган.

«Жалал-Абад облусунун 28 жаштагы Чынгыз А. аттуу тургуну аялы менен Орусияда 3 жылдан ашуун убакыттан бери мыйзамдуу түрдө жашап келген. Такси кызсматына чейин ал кафелердин биринде ашпозчулук менен алектенчү. Кесиптештери айдоочу тууралуу жакшы пикирлерин билдиришүүдө. Тергөөнүн жоромолу боюнча, айдоочу рулга ээ боло албай калган», — деп билдиришти ИИМден.

КР ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү айдоочунун туугандары менен жолугушту. Алардын билдирүүсүнө караганда, Чынгыз А. спорттук клубдардын биринде машыгып, мелдештерге катышып жүрөт.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, такси кызматкеринин үйүн тинтүү маалында экстремисттик материалдар табылган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар