09:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Былтыр республиканын тышкы соодалык товар жүгүртүүсү 12,5 пайызга жогорулады

2017-жылы республиканын тышкы соодалык товар жүгүртүүсү 12,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өкмөттүн 2017-жылдагы аткарган иши тууралуу отчет берип жатып билдирди. 

Маалыматка ылайык, Евразиялык экономикалык аймактын өлкөлөрү менен товар жүгүртүү динамикасы өстү. Натыйжада, 2017-жылдын соңуна карата ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмүнүн жогорулашы — 27 пайызды, ал эми үчүнчү өлкөлөргө карай экспорттун жогорулашы 8,6 пайызды түздү.

Өкмөт башчынын айтымында, республикалык бюджеттин кирешеси 2016-жылга салыштырмалуу 16 пайызга жогорулап, 135 миллиард сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар