05:09
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Премьер-министр өкмөттүн 2017-жылы аткарган ишин канааттандыраарлык эмес деди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 2017-жылы аткарган ишин канааттандыраарлык эмес деп тапты. Ал бүгүн Жогорку Кеңеште отчет берүүдө.

Анын айтымында, былтыркы жыл 339 чукул кырдаалдын түзүлүшү, Дача-СУга учактын кулашы, Өзгөн жана Чоң-Алайдагы кырсыктардын болушунан улам оор болду.

Жетишкендиктерибизге карабай чечилбеген маселелер калууда. ГЭС куруу боюнча «РусГидро» менен болгон келишим токтотулду, «Лигласс» менен чийки макулдашуу болуп калды. «Мегаком» үчүн инвесторлор табылган жок. Тогуз-Тородо түшүндүрүү иштери жеткиликтүү жүргүзүлбөгөндүктөн, тургундар кытай компаниясынын фабрикасын өрттөп салышты. Башка кен чыгаруучу жайлар дагы иштебей турат. Бул өкмөттүн ишинин канааттандыраарлык эместигинен кабар берет

Мухаммедкалый Абылгазиев

Эң көп окулган жаңылыктар