05:23
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Садыр Жапаровдун соту. Соттук отурумдагы жаңжал

Экс-депутат Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурумда мамлекеттик айыптоочулар тараптардын айтышууларынан кийин соттук коллегиядан биринчи жана экинчи инстанцияны күчүндө калтырууну суранышты. Ал эми коллегия чечим чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетишти.

Садыр Жапаровдун тарапташтары кыйкырык менен прокурорго асылып киришти. Жаңжалды басууга жоокерлер жана милициялар аракет кылышты. Андан кийин жактоочу менен Биринчи Май РИИБнын тартип сакчыларынын ортосунда жаңжал чыкты.

Эске салсак, Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмил Кайыпов экс-депутатты 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу тууралуу чечимин чыгарган. Соттолуучуга 2013-жылы Караколдогу башаламандыкты уюштурганга катышкан деген айып тагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума