Каракол шаарында биринчи жолу 4 тилкелүү жолдор курулат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, учурда узундугу 1 200 чакырым, туурасы 14 метрге жеткен Кыдыр-Аке көчөсүндө курулуш иштери жүрүүдө.
2017-жылы аталган көчөнү калыбына келтирүү үчүн тендер өткөрүлүп, анын суммасы 54 миллион сомдон ашкан. Тендерде «СМУ ТТ» компаниясы утуп чыккан.
Жолдорду калыбына келтирүү иштери 1-июлга чейин бүткөрүлөт.