Чүй облусуна караштуу Новопокровка айылындагы №3 түзөтүү колониясында 2 соттолуучу ачкачылык жарыялап, 3 күндөн кийин тамак жеп башташты. Бул тууралуу ЖАМКтан билдиришти.
Маалыматка караганда, абактагы 2 киши айып изоляторуна которбоону талап кылып ачкачылык жарыялашкан. Алар баңгиликтен дарыланып жаткандыктан айып изоляторуна которууга болбой тургандыктарын билдиришкен.
Билдирүүгө ылайык, ачкачылык акциясы 9-июнда башталган.