04:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

№ 27 түзөтүү колониясындагы соттолгондор ачкачылык акциясын токтотушту

Молдовановка айылында жайгашкан №27 түзөтүү колониясындагы соттолгондор ачкачылык акциясын токтотушту. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ЖАМКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, нааразычылык билдиргендер койгон талаптарынан баш тартышты.

«54 киши ачкачылык жарыялашкан. Алардын ичинен 6 киши 11-июндан баштап тамак иче башташкан. Ошол эле түнү калгандары дагы ачкачылыктан баш тартышты. Учурда абал тынч», — деп билдирди ЖАМКтан.

Эске салсак, 5-июнда экстермизм жана террорчулукка айыпталгандар ачкачылык жарыялашкан. Алар кармоо шарттарын өзгөртүү талабын коюшкан.

Эң көп окулган жаңылыктар