00:08
USD 69.85
EUR 79.07
RUB 1.05

Сапар Исаковдун камакка алынышы боюнча жактоочусу шаардык сотко даттанат

Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасына Бишкек шаардык сотуна даттанат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Сапар Исаковдун жактоочусу Учкун Каримов билдирди.

«Биз Сапар Исаковдун баш коргоо чараcы боюнча даттануу үчүн документтерди даярдап жатабыз. Мыйзам боюнча соттун чечимине 5 сутка ичинде даттанса болот. Сапар Исаковдун пикиринде, ага карата өтө катаал жана негизсиз чара көрүлдү. Анын эркиндигин чектебей эле, үй камагында калтырса болмок», -деди Учкун Каримов.

Эске салсак, экс-премьер министр Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынды. Биринчи Май райондук соту Исаковдун баш коргоо чарасын ушинтип тандады. Ал эми КСДП фракциясынын аны үй камагында калтыруу өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар