23:09
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

КДСП фракциясынын лидери чуулгандуу камак тууралуу түшүндүрмө берди

Жемкорлук тууралуу кылмыш иши баардыгы үчүн калыс тергелиши керек. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине КДСП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, өзүнүн партиялаштары Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов жана Осмонбек Артыкбаевдин чуулгандуу камалышы тууралуу түшүндүрмө берип жатып айтты.

Иса Өмүркуловдун пикиринде, депутаттык комиссия жеке иликтөө жүргүзүп, маалымат беришкенден кийин Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБди модернизациялоого байланышкан чыр-чатактарга эбак эле баасын берип койгон.

«ЖЭБдеги кырсыктын себебин жана 386 миллион доллар насыяны сарамжалдуу пайдалануу боюнча иликтөө жүргүзгөн депутаттык комиссия, укук коргоо органдарына кылмыш ишинин калыс текшерилишин жана ага күнөөлүүлөрдүн жоопкерчиликке тартылышын талап кылып тапшырышкан », —деди фракция лидери.

«Өзүңүздөр билгендей, буга чейин энергетика тармагындагы мурунку жана азыркы аткаминерлер камакка алынды. Эң башкысы иликтөөнүн жүрүшүндө калыстык жана акыйкаттуулук сакталышы керек», — деди Иса Өмүркулов.

Эң көп окулган жаңылыктар