08:18
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Орусияда кыргызстандык 2 жаранды бычактап кетишти

Орусияда Кыргызстандын эки жаранына кол салууга шектүү делип бир канча киши кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Санкт-Петербург шаарында болгон. Сузак районунун 1998-жылы туулган Д.К. жана Таш-Көмүр шаарынын 1990-жылы туулган М.А. аттуу тургундарына белгисиз жарандар бычак менен кол салышкан.

Жаракат алгандардын дарыгеринин айтымында, М.А. аттуу жарандын абалы туруктуу болгондуктан, аны ооруканадан чыгарышты. Экинчи жарандын абалы оор.

Билдирүүгө ылайык, М.А. аттуу жаран учурда көрсөтмө берүүдө. Аларга кол салган бир канча киши кармалды. Дагы башка кылмышкерлерди издөө уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар