21:51
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкектин айрым көчөлөрү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкекте Айтматов проспектисиндеги Семетей көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин жана Чүй проспектисиндеги Жаш Гвардия бульварынан Павлов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган жолдор «Бишкектин унаа жолдорунун катмарларын калыбына келтирүү» долбоору боюнча оңдолду.

Эске салсак, Айтматов проспектисинде аялдамаларды орнотуу жана жол сызыктарын белгилөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар