01:25
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Кыргызстанга келет

АКШ мамлекеттик катчысынын консулдук маселелер боюнча жардамчысы Карл Риш 3-июндан 9-июнга чейин Орусия, Казакстан жана Кыргызстанды кыдырат. Иш сапардын алкагында консулдук коргоо жана АКШ визалары тууралуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөр өтөт.

АКШ Мамлекеттик департаменти билдиргендей, ал Москвада жаңы консулдук бөлүмдүн ачылыш аземине катышат.

Москвадагы сапарынын алкагында Карл Риш Орусиянын ТИМ өкүлдөрү менен жолугары күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар