02:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Наристелер үчүн берилүүчү сүйүнчү пулга бюджеттен 90 миллион сом каралды

Жыл башынан бери 21 миң 800 киши жаңы төрөлгөн бала үчүн берилүүчү сүйүнчү пулга ээ болушту. Бул тууралуу маалымат жыйында Социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын башчысы Жыпара Рысбекова билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, сүйүнчүгө бюджеттен 90 миллион сом каралган.

Бул жылы 159 миңден ашуун наристе мамлекеттик жөлөк пул алышат. Учурда бирдиктүү терезе принциби боюнча, мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте «балага сүйүнчү пул» алуу үчүн арыздарды кабыл алуу боюнча пилоттук долбоор иштелип жатат.

«Балалуу болгон үй-бүлөлөр жарандарды каттоо кызматына же калкты тейлөө борборлоруна баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алганы барат. Ошол жерден эле балага сүйүнчү пул алуу тууралуу арызын да калтырат. Биз жөлөк пулду электрондук арыздардын негизинде төлөп беребиз», —деди Жыпара Рысбекова.

Эң көп окулган жаңылыктар