23:44
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү тургуну ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды

Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү тургуну ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды. Бул туураалуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, милиция кызматкерлерине «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясынын кайык станциясында ири өлчөмдө баңгизаты мыйзамсыз сакталып жатат деген ыкчам кабар түшкөн. Аталган жерди текшерген учурда, капка салынган марихуана табылган. Ал 35-жаштагы жергиликтүү тургун А.Резванга тиешелүү экендиги аныкталды.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар