18:11
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Онкологиядагы балдардын дары-дармегине 2,4 миллион сом бөлүндү

Онкология жана гематология Улуттук борборунун балдар онкогематологиясы бөлүмүндө дарыланып жаткан балдар үчүн дары-дармектерди сатып алууга 2,4 миллион сом бөлүндү. Каражат президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан берилгенин Акүйдүн маалымат кызматы билдирет.

Маалыматта республикалык бюджеттен бөлүнгөн сумма керектөөнү толук көлөмдө канааттандырбагандыктан, ал эми балдарды комплекстүү дарылоо жогорку технологиялык жана кымбат дарылоону талап кылгандыктан акча чегерилгендиги айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар