17:11
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Улуттук онкологиянын жаңы имаратынын курулушу улантылат

Улуттук онкология жана гематология борборунун жаңы корпусунун курулушу улантылып, аягына чыгарылат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, кечээ мурдакы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук онкологиянын жаңы имаратынын курулушу токтотулганын жарыялаган.

Өкмөттүн маалыматында, курулуш каржылоо маселесине байланыштуу убактылуу гана токтотулду.

«Бул объекттин баасы (жабдуусуз жана медициналык жабдууларсыз) 601,3 млн сомду түзөт. Курулуш башталгандан бери Финансы министрлиги тарабынан бөлүнгөн «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 2017-жылы 70 млн сом жана 2018-жылдын мартында 30 млн сом каржыланган (план боюнча 50 млн сом). Учурда курулуш иштери каржылоо калыбына келтирилгенге чейин убактылуу токтотулду» — деп айтылат маалыматта.

Учурда төртүнчү кабатты жабууга чейинки курулуш иштери аяктады, калган курулуш иштери милдеттүү түрдө улантылат.

Эскерте кетсек, өкмөт Улуттук онкологияга заманбап жана ыңгайлуу шарттары бар 7 кабаттуу имаратты куруу тууралуу чечим кабыл алынган. Долбоорго ылайык, алдыңкы кабатта жалпы аянты 12.528 чарчы метр келген, балдар жана чоңдордун онкогематология бөлүмү үчүн 150 оорулууга ылайыкташкан Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборун куруу каралган.

Өкмөт Улуттук онкология жана гематология борборунун өзгөчө муктаж саналган абдоминалдык жана торакалдык онкология, маммология бөлүмдөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн каржылоо булактары изделип жатканын кошумчалайт.

Эң көп окулган жаңылыктар