03:29
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Ошто балдар арасында футболдук мелдеш өттү

Ошто балдар арасында футболдук мелдеш өттү. Бул тууралуу каала мэриясы билдирет.

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган футбол фестивалына 150 футболчу, мүмкүнчүлүгү чектелген жана аярлуу топтун өспүрүмдөрү катышты.

Фестивал Ош шаарында өтүп жаткан «Балага жүрөгүбүздү ачалы!» аттуу айлыктын алкагында уюштурулду.

«Фестиваль аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомдук турмушка аралаштырып, бардык балдар тең укуктуу экенин дагы бир жолу белгилегибиз келди. Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар да коомдук турмушка активдүү катышып, футбол жана спорттун башка түрлөрү менен машыга алышат. Биз ар бир баланын ден соолугун чыңдоого, аларга сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүүгө милдеттүүбүз» — дейт шаар мэри Айтмамат Кадырбаев.

Оштогу футбол академиянын машыктыруучулары, оюнчулары балдар менен баарлашып, алар үчүн ар кандай көнүгүүлөрдү көрсөтүштү

Эң көп окулган жаңылыктар