06:42
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда 3 олимпиада чемпиону өмүрүнүн акырына чейин стипендия алышат

Кыргызстанда 3 олимпиада чемпиону өмүрүнүн акырына чейин стипендия алышат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын отурумунда жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов билдирди.

Каныбек Осмоналиев айына 20 миң, Канат Бегалиев 17 миң, Руслан Түмөнбаев 15 миң сом алышат.

Канат Аманкуловдун айтымында, 2017-жылы 256 спортчунун стипендиясына 12 миллион сом бөлүнгөн.

Ал эми машыктыруучулардын айлыктары 4 400 сомдон 8 миң сомго чейин жетет.

Эң көп окулган жаңылыктар