00:40
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Кыргызстандыктар Венгрияга окууга тапшыруу үчүн онлайн табыштама жөнөтө алышат

Бүгүн Венгриянын өкмөтү тарабынан ачылган Stipendium Hungaricum стипендиялык программасына арналган жолугушуу болуп өттү. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Венгриянын элчилигинен билдиришти.

2023-жылы программага 10 жыл толду. Кыргызстанда ал 2017-жылы ачылган, анда өлкөгө 25 квота бөлүнгөн болчу. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга берилген квотанын саны 200дү түзөт. Аталган программага Венгриянын 28 жогорку окуу жайы катышып, алар англис жана венгр тилдеринде 1,2 миңден ашык багыт боюнча билим беришет.

Stipendium Hungaricum программасына катышуу процесси бир нече этаптарды камтыйт, анын ичинде 2024-жылдын 14-январына чейин расмий сайт аркылуу онлайн табыштама жөнөтүү керек. Платформа азыр ачык жана абитуриенттер анкета толтура берсе болот. Буга катар эле Кыргызстандын Билим берүү министрлиги аркылуу дагы билдирме толтуруу зарыл.

Уюштуруучулар мындан ары кызматташууга жана Венгриянын университеттеринде билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин санынын өсүшүнө үмүт артарын билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар