23:18
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

«Академия наук» пансионатынын кароолчусу өзүнүн мурунку кесиптешин өлтүрүп салды

Ысык-Көл облусундагы Кара-Ой айылында «Академия наук» пансионатынын кароолчусу өзүнүн мурунку кесиптешин өлтүрүп салды. Бул тууралуу  «24.kg» агенттигине Ысык-Көл райондук прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, адам өлтүрүү боюнча айыпталган 56 жаштагы И.Т. аттуу киши кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышкер менен мурун иштеп кеткен кароолчунун ортосунда чыр чыкканы белгилүү болду.

 «Уруша кеткен кароолчулардын бири экинчисинин курсагына 5 жолу бычак матырган. Жабырлануучу Чолпон-Атадагы ооруканада каза болду. Кылмыш ишин Ысык-Көл райондук сотуна жибердик»,-дешти прокуратурадан.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби