19:34
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жогорку Кеңеш кызматтык унаалардын айнектерин караңгылатып, сигнализация орнотот

Жогорку Кеңеш кызматтык унаалардын айнектерин караңгылатып, сигнализация жана флагшток орнотот. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталына парламенттин иш башкармалыгы тарабынан жарыяланган тендерде айтылат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын гаражы «Кадиллак» менен «Датум» үлгүсүндөгү кызматтык унааларды 720 миң сомго оңдоого тендер жарыяган. Эми ал тендерден баш тартышып, сатып алуу ыкмасын жөнөкөйлөштүрүп, жаңы сынак белгиленди.

Ага ылайык, оңдоо жана тейлөө иштеринен сырткары, депутаттык ууналардын айнектерди караңгылатуу, сигнализация жана флагшток орнотуу сыяктуу иштер жасалат.

Белгилей кетсек, депутаттар расмий түрдө кызмат унааларынан баш тартышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар