03:02
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Тез жардам» унаасын өткөрбөгөн айдоочуларга айып пул салынды

Бишкекте «Тез жардам» унаасына жол бербей койгон 97 айдоочуга 500 сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын кызматкерлери «Маяк» аталышындагы рейд жүргүзүшүп, «Тез жардам» унаасына жол бербей коюшкан 97 айдоочуга айып пул салышты. Аталган рейддин максаты- атайын үн коштолгон жана жаркыраган маяк менен жабдылган унааларга башкалардын тоскоолдук жаратпай өтүүсүн камсыздоо болду.

Эң көп окулган жаңылыктар