20:16
USD 69.85
EUR 79.07
RUB 1.05

Орусиянын аймагына Казакстан менен Кыргызстандан келген товарлар киргизилген жок

Оренбург облусу боюнча ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын кызматкерлери, Орусиянын аймагына Казакстан менен Кыргызстандан келген 62 тоннадан ашуун товарды киргизишкен жок. Бул тууралуу орусиянын ЖМКсы билдирди.

Маалыматка ылайык, Светлинский районунун «Светлый» өткөрмө пунктунан 2 унааны токтотушкан. Анда унаалар жараксыз фитосанитардык сертификаты менен Казакстандан 40 тонна томат ташып келе жатышкан. Мындан тышкары дагы бир өткөрмө пунктунан 1 тонна томат жана 500 кг бадыраң ташып келе жаткан жүк ташуучу унаа токтотулду.

Ал эми Акбулак районундагы «Сагарчин» өткөрмө пунктунан Кыргызстандан ташылып келе жаткан 17 миң 280 кг кургатылган өрүк, 84 кг кургатылган ит мурундун мөмөсү, 279 кг кургатылган алма, 1 миң 30 кг миндаль, 257 кг абрикос данеги, 180 кг жаңгак жана 500 кг күрүч Орусияга киргизилген жок.

«Азыктарга тиешелүү фитосанитардык сертификаттар жок болуп чыкты. Товарлардын баары артка кайтарылды. Аталган факт боюнча административдик иш козголду», — деп жазылат билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар