17:40
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Тарых музейинде «Барсбек» инсталляциясына 35 миң доллар корогон

Улуттук тарых музейинде орнотулган жыгачтан жасалган инсталляцияларга 35 миң доллар корогон. Бул тууралуу «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын көчмө жыйынында маалым болду.

«Бул жерде 54 устун. Бир жыгачтан жасалган бир устундун баасы 600 доллар», -деди депутат Бахадыр Сулайманов.

Музей директору Кенжебек Алмакүчүковдун айтымында, инсталляциялар Германиядан жасалып алынып келинди.

«Азыр талаш-тартыш болуп турат. Бир аз өзгөртүү киргизебиз го» — деди ал.

Эске салсак, Тарых музейин кайра калыбына келтирүү иштерине бюджеттен 1 миллиард 447 сом жана Түркиядан грант катары келген 15 миллион доллар корогон.

Эң көп окулган жаңылыктар