16:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстандын калкынын саны 9 миллионго жетет

Тажикстанда 9 миллионунчу наристенин төрөлөрүнө бир нече күн калды. Ал балага жана ата-энесине белектер берилери күтүлүүдө.

Тажикстан президентинин алдындагы статистика боюнча агенттик билдиргендей, быйылкы жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы менен калктын саны 8 миллион 973 миң кишини түзгөн.

​Тажикстан Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча апрелде 20 миң ымыркай жарык дүйнөгө келген. Мындан улам тажик бийлиги «тогуз миллионунчу жашоочунун төрөлөрүнө саналуу күндөр калды», деп билдирүүдө.

Маалыматтарга караганда, жакынкы үч күндүн аралыгында өлкөдөгү бардык төрөтканаларда күнү-түнү нөөмөт уюштурулуп, тогуз миллионунчу жашоочунун төрөлүшүн аныктоо жараяны өтөт. Ал наристенин үй-бүлөсүнө белектер берилет. 2013-жылы Тажикстанда сегиз миллионунчу болуп төрөлгөн баланын ата-энесине Душанбеден төрт бөлмөлүү батир ыйгарылган.

Тажикстан балдардын төрөлүшү боюнча мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинде алдыда келе жатат. Статистикалык маалыматтар боюнча жыл сайын калктын саны 2,2 пайызга же 200 миң кишиге көбөйүүдө.

​Ошол эле маалда Борбор Азия боюнча Тажикстан гана расмий түрдө жарандарына аз балалуу болуу кеңешин берип келет.

Эң көп окулган жаңылыктар