23:36
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Азык-түлүк тартыштыгы. Түркмөнстанда дүкөндөрдө кум-шекер жоголду

Түркмөнстанда азык-түлүк каатчылыгы уланууда. Учурда Ашхабадда кумшекер кайрадан кымбаттап, аны айрым мамлекеттик дүкөндөрдөн сатып алуу мүмкүн болбой жатат. Сатуучулар шекер баасы мындан ары да кымбаттай турганын билдиришүүдө.

«Мамлекеттик дүкөндөрдө шекердин килосун 7 манат (2 доллар) турат. Айрым соода түйүндөрүнүн текчесинен табуу мүмкүн эмес. Жеке дүкөндөрдө аны 9-10 манаттан сатып, сатуучулар шекердин баасы жакында 15 манатка чыгарын эскертишүүдө», — деп билдирди «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы.

Анын айтымында, учурда азык-түлүк дүкөндөрүндө узун кезек жаралууда. Шаар тургундары негизинен кумшекер, ун жана суу май үчүн кезекке турушууда.

Бул арада балдар тамак-ашы, гигиена каражаттары кымбаттады.

Эң көп окулган жаңылыктар