08:02
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Иззат Артыков оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпиону аталды

Иззат Артыков оор атлетика боюнча мелдеште жеңип чыгып, Кыргызстандын чемпиону аталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка караганда, спорттук иш чара Бишкекте 21-майдан 23-майга чейин өттү. Ага 88 спортчу катышты. Иззат Артыков эки көнүгүүнүн суммасы боюнча жалпы 297 килограмм салмактагы штанга көтөрдү.

Ошондой эле эркектер арасында чемпиондукту Чойбек Сартбаев (56 кг), Кадырбек Айтпеков (62 кг), Эмил Молдодосов (77 кг), Сергей Комушев (85 кг), Бекдөөлөт Расулбеков (94 кг), Вячеслав Шайнуров (105 кг) жана Жылдызбек уулу Дастан (105 кг жогору) утуп алышты.

Ал эми айымдар арасында Татьяна Усова (48 кг), Жаңыл Окоева (53 кг), Гүлнур Мейманова (58 кг), Зухра Курманаева (63 кг), Татьяна Мельниченко (69 кг), Алмазбек кызы Канымжан (75 кг) жана Амаль Сарыбаева (75 кг жогору) чемпиондукту багындырышты.

Эң көп окулган жаңылыктар