16:04
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ошто аялына таарынган күйөөсү өзүнө бычак сайды

Аялы ажырашууга арыз бергенин уккан Ош шаарынын 32 жаштагы тургуну өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын берген маалыматына караганда, 22-майда Ош облустук бириккен ооруканасына бычактан алган жаракаты менен Кара-Суу районунун тургуну келип түшкөн. Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери билдиришкендей, жабырлануучу үйүнүн жанында өзүнө бычак урган.

Болжолдуу маалыматтарга таянсак, жабырлануучу жубайы менен уруша кеткен. Жыйынтыгында аялы кийимдерин жыйнап алып төркүнүнө кетип калган.

Учурда жабырлануучунун абалы туруктуу.

Эң көп окулган жаңылыктар