18:46
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кызыл-Кыя ооруканасынын кызматкерлери 970 миң сомду өздөштүрүп алышкан

Кызыл-Кыя райондор аралык кургак учукка каршы ооруканасынын кызматкерлери 970 миң сомду өздөштүрүп алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасы аталган факт боюнча кылмыш ишин (304-берене, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 305-берене, кызматтык ыйгарым укуктарын көтөрүү, 171-берене, ишенип берилген мүлктү менчиктештирип алуу же коротуу) козгоду.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын июнь айынан декабрга чейин аталган оорукана чарба товарларын, курулуш материалдарын жана ар кандай кызматтарды сатып алуу үчүн сынак өткөрүшкөн. Жеңүүчү деп ишкер М.Н. табылган. Аны менен 1 млн. 67 миң сомго келишим түзүлүп, каражатты анын банктагы эсебине которушкан.

Бирок, товарлар оорукананын кампасына келип түшкөн эмес. Ал эми кызмат жарым-жартылай гана көрсөтүлүп келген. Муну менен катар оорукананын кызматкерлери ишкердин ишеними боюнча мурда которулган акчаларды банктан алып турушкан. Алынган акча каражатынын жалпы суммасы 870 миң сомду түздү.

Ошондой эле, былтыр мекеменин кызматкерлери оорукананын бюджеттик каражаттарын карточка менен алуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланышып, 100 миң сомду өздүк кылып алышкан.

Натыйжада мамлекетке келтирилген чыгым 970 миң сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар