00:44
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстанда эмдөөдөн баш тарткандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда эмдөөдөн баш тарткандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Республикалык иммундук-профилактикалык борборунан билдиришти.
 
Маалыматка караганда, айрымдары балдарын эмдөөдөн өткөрбөгөн себеби, диний көз карашка байланыштуу. Кээ бири медициналык карама-каршылыктар боюнча, дагы башкалары вакцинанын сапатынан күмөн санап эмдөөдөн качышууда.
«Вакциналар гуманитардык жардам катары келет. Бирок, бизде акыркы 2 жылдан бери акылуу болуп калды. 1 жашка чейинки балдардын вакциналарынын 90 пайызын вакцина жана иммундаштыруу боюнча Глобалдык альянсы төлөп берет. Калган 10 пайызын мамлекет каржылайт», -деп билдиришти аталган борбордон.
Маалыматка таянсак, 1 жаштан жогорку балдардын вакциналарын мамлекет сатып алат. 2016-жылы 77 млн. сом вакцина сатып алыш үчүн корогон. Былтыр бул сумма андан көп болгон. Эмдөөдөн баш тарткандардын арасында медиктер дагы бар. Алардын катарын тиш догдур, хирург, гинекологдор түзөт. Адистердин айтымында, эмдөөдөн баш тартуу-оорунун күч алышына алып келет. Акыркы учурларда Бишкек шаарында жана жакын жайгашкан жаңы конуштарда эмдөөдөн баш тарткандардын саны кескин көбөйгөн.
 
Эң көп окулган жаңылыктар