16:06
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Кубанычбек Кулматовго өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Бажы кызматынын мурдакы төрагасы Кубанычбек Кулматовго өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу ал Улуттук коопсуздук кызматындагы сурактан чыккандан кийин билдирди.

Кубанычбек Кулматов өзүнө каршы козголгон ишти саясый негизде деп, иш козгоого себеп жоктугун белгиледи.

«ТВЕА өзү куруучу компанияны тапкан. Мэрия болгону суу, жарык кошуп берген. Мектеп азыр балдар окуп жатат. Мага бийлик талап койду, мен аны аткарбайм дегенден кийин иштен кеттим» — дейт ал.

Ал эми үйүнүн тинтүүгө алынышын Кубанычбек Кулматов психикалык кысым катары баалады.

Белгилей кетсек, Бишкек жылуулук борборун модернизациялаган ТВЕА ишканасы Калыс-Ордого мектеп курууга 2 миллион доллар бөлгөн. УКМКнын билдирүүсүндө, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы, Бишкек шаарын жетектеген мезгилде курулушка бөлүнгөн каражатты мыйзамсыз сарптаган.

«Ал «Альто Групп» менен сынаксыз келишим түзүп, 1 миллион долларды компаниянын эсебине түз которууга барган. Шаардык бюджеттен мектеп курулушуна кошумча 100 миллион сом бөлүнгөн», — дейт тергөө.

Эң көп окулган жаңылыктар