14:01
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кубанычбек Кулматовго жемкорлук беренеси менен айып тагылды

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасы Кубанычбек Кулматовго жемкорлук беренеси (303-берене) менен козголгон иштин алкагында айып тагылды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 2014-жылы Бишкек шаарын жетектеген кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз чыгымдаган.

Белгилей кетсек, Бишкек жылуулук борборун модернизациялаган ТВЕА ишканасы Калыс-Ордого мектеп курууга 2 миллион доллар бөлгөн.

«Кубанычбек Кулматов «Альто Групп» менен сынаксыз келишим түзүп, 1 миллион долларды компаниянын эсебине түз которууга барган. Шаардык бюджеттен мектеп курулушуна кошумча 100 миллион сом бөлүнгөн» — дейт УКМК.

Учурда «Альто Групп» ишканасынын жетекчилеринин бири кармалды.

Жекшемби күнү айрым жергиликтүү ЖМК Кубанычбек Кулматовдун үйүндө тинтүү жүргөндүгүн жазып чыгышкан. УКМК бул маалыматты ырастап, Бишкек шаарынын жооптуу кызматкерлеринин үйүндө мыйзамдуу тиндүү жүргөндүгүн кошумчалады.

Ал 14-май күнү өз арызы менен кызматтан кетти.

Эң көп окулган жаңылыктар