14:20
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ошто үч күндө үч киши өз өмүрүнө кол салды. Бирөөсү 15 жашар кыз

Ош шаарында үч күн ичинде өз жанын кыюу боюнча үч факты катталды. Бул тууралуу шаардын Ички иштер башкармалыгы билдирет.

Касымбеков көчөсүндө жашаган 15 жаштагы А.Т. аттуу жаш кыз үйүнүн босогосуна, Мамытов көчөсүнүн тургуну 33 жаштагы К.Б. аттуу аял үйдүн короосунда жоолугуна асынып алды. Ал эми Курманжан Датка көчөсүндө жашаган 28 жаштагы И.Д. улан дары ичип, өз жанын кыюуга аракет кылды. Аны даарыгерлер сактап калышты.

Жыл башынан бери Ош шаарында 32 суицид катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар