15:23
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстан: жубайлар кызынын тоюна бир ай калганда өз жандарын кыйышты

Тажикстандын Канибадам шаарында жубайлардын өз жанын кыюусу иликтенүүдө. Алар кызынын тоюна бир ай калганда өмүрлөрүнө кол салышканы айтылууда.

Жергиликтүү прокурадагы өз булактар билдиришкендей, Пулодон айылынын тургуну Муроджон Ганиев 14-июлга оогон түнү өз үйүндө асынып алган.

«14-июль эртең менен болсо анын жубайы Шоирахон Ганиева менен 19 жаштагы кызы сууга боюн таштоо максатында такси менен Фергана каналына барышкан. Жакын жерде турган такси айдоочусу кызды гана куткарып калууга жетишкен», — деп билдирди булак. Ал кошумчалагандай, Муроджон Ганиев менен Шоирахон Ганиева 42 жашта болчу.

Прокуратура жубайлардын өлүмү боюнча тергөө иштерин баштады. Азырынча алардын эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз. Такси айдоочусу тарабынан куткарылган кыздын учурда суроолорго жооп берүүгө алы жок экени айтылууда.

Жубайлардын сөөгү бүгүн 16-июлда жерге берилди. «Менин билишимче, Муроджон менен Шоирахон 13-августта боло турган кызынын тоюна даярданып жатышкан. Болочоктогу күйөө баласы Орусияда иштеп жүргөн», — деди алардын коңшуларынын бири.

Ал ортодо жергиликтүү журналист Махмуди Ашурмахмад «Фейсбук» баракчасына жубайлар медициналык текшерүүнүн жыйынтыгын алгандан кийин өз жандарын кыйганын жазды. Анын айтымында, текшерүү кыздын «кыздык белгиси» жок экенин көрсөткөн.

Тажикстанда никеге турууну каалагандар медициналык текшерүүдөн өтүп, ЗАГСкасаламаттыгынын абалы тууралуу маалымат бериши керек.

Эң көп окулган жаңылыктар