07:26
USD 68.90
EUR 80.95
RUB 1.04

Текебаевдин жактоочусу анын мүлкү боюнча сот иштерин токтотууну талап кылууда

Экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова анын мүлкүн сатыкка коюу боюнча сот иштерин токтотууну талап кылууда. Бул тууралуу ал «24.kg» агенттигине билдирди.

Жактоочу айымдын айтымына караганда, ал өзү жана Канатбек Азиз Башкы прокуратуранын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин намысын коргоо тууралуу сотко арызын кайра карап чыгуусу үчүн документ тапшырышты.

Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгын коргогон Нурбек Сыдыков, жактоочунун мындай суранычы тууралуу маалыматы жоктугун билдирди. Ал эми мүлктү сатыкка коюу 22-майда өтөт. 

Эске салсак, доочу ӨмүрбекТекебаевдин юристтери маалымат жыйынында айтып чыккандары чындыкка туура келбейт деп билдирген. Сот дооматты канааттандырып, жоопкерлерден 10 млн. сом төлөп берүүсүн айтып, ТаалайгүлТоктанкунованын мүлкүн жана айлык акысын соттошкон. Ошондой эле, жактоочунун чет жерге чыгуусуна тыюу салынган.

Эң көп окулган жаңылыктар