18:33
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өмүрбек Текебаевдин ишин кароо 21-августка жылды

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кароо 21-августка жылды. Чечим бүгүн Жогорку Сотто кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин депутаты Алманбет Шыкмаматовдун айтымында, соттук коллегия саясатчынын иши менен толук таанышып бүткөн эмес.

«Алар иштин өтө көп экендигин айтып, убакыт сурашты. Биздик жактоочулар жаңы ачылган жагдайлар менен ишти кароого арызды май айында эле беришкен. Ушул убакытка чейин соттордун иш менен таанышпаганы жана соттун жылдырылышы бизге таң калуу гана жаратат», — деди ал.

Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары анын иши алты жагдай боюнча кайра кароону талап кылат деп белгилешет.

Өмүрбек Текебаев Дүйшөн Чотонов менен бирге 8 жылга эркинен ажыратылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума